КАРБОЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР
КАРБОЦИКЛДҮҮ БИРИКМЕЛЕР , и з о ц и к лд ү ү б и р и к м е л е р – молекуласында көмүртек атомунан түзүлгөн цикли (шакеги) бар орг. бирикмелер. К. б. алициклдүү ж-а ароматтык болуп бөлүнөт. Ароматтык бирикмелерге бензол ж-а анын гомологдору м-н туундулары, трополондор, азулендер ж. б. кирет. Алициклдүү бирикмелерге каныккан алициклдүү, полиметилендүү (циклоалкандар ж-а алардын туундулары), мис., циклопропан, циклогексан, гексахлорциклогексан, каныкпаган алициклдүү бирикмелер (циклобутен, циклопентадиен) кирет. К. б-дин циклинде көмүртектин атомунун саны ж-а циклдеринин саны ар түрдүү. Шакектердин санына жараша алар бир ядролуу же моноциклдүү, би-, триж-а полициклдүү болуп бөлүнөт. Эки цикл бири-биринен көмүртектик түз чынжыр м-н, мис., дифенилэтан С Н –СН –СН –С,Н 6 5 2 2 6 же жөнөкөй байланыш м-н байланышы мүмкүн, мис., дифенил С Н –С Н . Көпчүлүк учурда циклдер жалпы эки көмүртектин атомуна ээ конденсацияланган ядролор, мис., нафталин. Алицикддүү ж-а ароматтык бирикмелер хим. жол м-н бири-бирине оңой өтөт. Мис., бензолду май-
даланган Niдин үстүнөн гидрлегенде – циклогексан, ал эми ультра-кызгылт көк нур м-н нурландырып, хлорлогондо гексахлоргексан алынат. К. б. өтө кеңири тараган. Алар синтетикалык чайырларды, пластмасса, дары-дармек, боёк, инсектицид ж. б. заттарды алууда колдонулат.