КАРБАЗОЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРБАЗО́Л , д и б е н з о п и р р о л С12Н9N – гетероциклдүү бирикме; мол. салм. 167,21; түссүз кристалл, эрүү t 238°С; кайноо t 354–355°С; суу­да эрибейт, орг. эриткичтерде жакшы эрийт. Пиррол шакекчесине мүнөздүү түстүү реакция­ны берет, начар негиздик касиетке ээ. К-талар­ды таасир этүүдө туруксуз туздарды пайда кылат.

Галогендөөдө 3- ж-а 3–6 туундуларын, сульфир­лөөдө 3-карбазолсульфо к-таны же 1, 3, 6, 7- карбазолтетрасульфо к-таны берет. К. таш кө­мүр чайырынан, о. эле синтез жолу м-н амин­дифенил, фенантрен ж. б-дан алынат. К. боёк, дары-дармек, пластмасса, инсектициддерди алууда колдонулат.