КАРА-ШОРО
КАРА-ШОРО – Ош обл-нун Алай р-нундагы кыштак. Коңур-Дөбө айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1530 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыш-нан 6 км батыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 80 км. Калкы 1364 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп бар.