КАРА-ШААР
КАРА-ШААР – Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нундагы кыштак. Улакол айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1621 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Бөкөнбаев кыш-нан 66 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 27 км. Калкы 1002 (2009); негизинен мал чарбасында эмгектенип, тоют даярдашат. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар.