«КАРАЧ-КӨКҮЛ БАЯНЫ»
«КАРАЧ-КӨКҮЛ БАЯНЫ» – кыргыз эл жомогу. Анда сыйкырдуу кара күчтөргө каршы Көкүл баатырдын күрөшү баяндалат. Эл арасында ал «Көкүл», «Карач дөө», «Көчпөсбай» деген аттар м-н да белгилүү. «Көкүл» жомогунун текстин 19-к-дын 2-жарымында европ. окумуштуулар (мис., А. Вамбери) жазып алган. Адегенде «К.- К. б.» жөө жомок түрүндө айтылып келген. Жомоктун үч варианты бар: биринчисин Ырсаалы Байырман уулунан К. Мифтаков 1923-ж. жазып алган; экинчисин Өзбеков Карынак «Көчпөсбай» деген ат м-н ыр аралаш кара сөз түрүндө айткан; үчүнчүсү – Ташматов Досунун ыр түрүндөгү варианты, бул вариант «К.-К. б.» деген ат м-н басмадан чыккан (1975). Жомоктун негизинде У. Сарбагышев «Көкүл» пьесасын жазган. «Көкүл» жомогу казактарда да айтылат.