КАРАЧАЙ-ЧЕРКЕСИЯ
КАРАЧАЙ-ЧЕРКЕ́СИЯ , Карачай-Черкес Республикасы Россиянын Европа жак бөлүгүнүн түштүгүндө, Чоң Кавказдын түн. этегинде жайгашкан. Түштүгүнөн Грузия м-н чектешет. Аянты
14,3 миң км2. Калкы 429,0 миң (2008). Борбору –
Черкесск ш. Адм.-айм. жактан 9 районго, 4 шаарга, 7 шаарчага бөлүнөт.
Түштүк федерация округуна кирет. Мамл. бийликтин органдар системасы респ-нын 1996-ж. кабыл алынган конституцияс ы тарабынан
аныкталат. Мамлекет башчысы – президент.
Табияты калктын жашоосуна ыңгайлуу. Экол. абалы анча татаал эмес, ал атм-нын ж-а суунун булгануусуна байланыштуу. Жери деградацияга учурап, анын негизинде экол. курч абал пайда болууда. Абаны автомобиль газдары булгоодо (жылына 300 миң т). Аймагынын
көпчүлүк бөлүгүн (2/ ) Чоң Кавказ кырка тоосу-
3
нун тоо системалары
ээлейт. Эң бийик жери
Эльбрус чокусу (5642 м; Россиянын эң бийик точкасы). Климаты континенттик. Январдын
орт. темп-расы түндүгүндө –3°Сден –4°Сге чейин
(–33°Сге чейин суук болот), түштүгүндө –10°C,
июлдуку 21– 21°Сге чейин (максимуму 38–40°С).
Жыл дык жаан-чач ыны 500 – 700 мм д ен
(түздүктөрүндө) 2000–2500 ммге чейин ) тоолорунда. Башкы дарыясы – Кубань (анын куймалары: Теберда, Кичи ж-а Чоң Зеленчук, Уруп,
Чоң Лаба). Анча чоң эмес 370тен ашык көлү бар. Респ-нын түндүгүнөн Чоң Ставрополь каналы өтөт. Тоо этегиндеги талаалар жазы ж-а ийне жалбырактуу токой (көк карагай, карагай ж-а кызыл карагай) м-н, жогорулаган сайын бийик тоолуу шалбаа м-н алмашат. Кен байлыктарынан көмүр, алтын, түстүү металл, отко чыдамдуу чопо, мрамор, жез ж. б. казылып алынат. Мин. суулар (нарзан тибиндеги), жылуу булактар чыгат. Россиянын Кызыл китебине омурткалуулардын 27 түрү (а. и. кавказ кундузу, кавказ токой мышыгы ж. б.) киргизилген. Теберда (Архыз участкасында кавказбеловежа зубру коргоого алынган; 50дөн ашык), Кавказ (бир бөлүгү) коруктары уюшулган. Коргоого алынган аймак Респ-нын жеринин 41%ин ээлейт. Кавказ коругу (биосфералык) Чоң Кав-

каз объектилеринин курамында, ал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. К.-
Ч-нын чегинде өзгөчө коргоого алынган экол.- курорт – Кавказ минералдуу суулары жайгашкан.
Калкынын негизин орустар (42,4%) түзөт; о. эле карачай (32,2), черкес (9,7), абазин (6,6%), ногой (3,2) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Ислам (мусулман), христиан (православныйлар ж-а протестанттар) динин тутат. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 30,2 киши. Шаар калкы 44,1%. Маанилүү шаарлары: Усть-Жегута, Карачаевск. 19-к-дын 1-жарымынан Россиянын курамында. 1922-ж. Карачай-Черкес АОсу болуп түзүлүп, 1926-ж. Карачай АОсуна ж-а Черкес улуттук округуна (1928-жылдан Черкес АОсу) бөлүнгөн. 1943-ж. Карачай автономиясы жоюлуп, калкы күч м-н чыгарылган. 1957-ж. кайрадан биригишип, Карачай-Черкес АОсу калыбына келтирилген. 1992-жылдан Карачай-Черкес Республикасы. К.-Ч. Түн.-Кавказ экон. районунун курамына кирет. Респ-нын экономикасы туризмге байланыштуу (кийинки кездери региондо абал туруктуу эмес). Аймагы тоолуу (80%) болгондуктан, туризм, альпинизм ж-а курорт тармактарынын
өнүгүшүнө толук шарт бар. Региондун дүң продукциясынын көлөмү 7372,3 млн рубль. Андагы <contr>өнөр жай<contr>дын үлүшү 18,3%, а. ч-ныкы 24,8%. Хим., нефть-хим. (ири ишканалары: З. С. Цахилов атн. Черкес химия өндүрүш бирикмеси, «Резинатехника»), тамак-аш («Меркурий», «Сатурн», «Камос», Эркен-Шахар кант з-ду), курулуш материалдар («Кавказцемент»), электр энергетика өнөр жай ишканалары иштейт. А. ч-га жарактуу жери 581,5 миң га (жер фондусунун 40%), а. и. 26,7%ин айдоо аянты ээлейт. Дан эгиндери (138,3 миң га), тоют ж-а жашылчабакча өсүмдүктөрү (21,3%), картөшкө айдалат. Т. ж-нун уз. 51 км, автомобилдики 3043 км (толугу м-н асфальтталган). Жалпы билим берүүчү 192, башталгыч ж-а орто билим берүүчү 15 окуу жайы, 16 ЖОЖ (а. и. 11 мамл., филиалдары м-н) бар. 4 театр, филармония, 8 музей (а. и. тарыхый-маданий ж-а табигый музей-корук, улуттук «Алан Эрмитажы», баалуу таштар ж. б.), 3 китепкана (а. и. атайын азиздер
үчүн) иштейт. Респ-нын аймагы аркылуу Аскер- Сухуми жолу өтөт. Респ-да 10–11-к-дын арх-ралык эстеликтери (крест-кумпалуу храмдары), коргонуу жайларынын (Адиюх шаар калдыгындагы мунара; 1760), коргон-бейиттердин (14–
17-к.) ж-а мечиттердин (Хасауте, 19-к-дын башы) калдыктары сакталган. 1987-жылдан автордук ыр фестивалы өткөрүлүп турат.
Ад.: Карачаево-Черкессия // Большая Российская
Энциклопедия, спец. том. Россия, М., 2004; Карачаево-Черкессия // Большая Российская Энциклопедия, Т. 13. М., 2009.
Р. Карачалова.