КАРАЧАЙЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАЧАЙЛАР (өздөрүн карачайлыла деп ата­шат) – Карачай-Черкестин жерг. калкы. РФ, О. Азия (а. и. Кырг-нда – (2200), Казакстан, Түркия, Египет, Сирия, АКШда да жашашат. Жалпы саны 300 миң киши, а. и. 169, 2 миңи Карачай-Черкесте (2002). Карачай-балкар тилин­де сүйлөшөт. Динге ишенгендери – мусулман­сунниттер. Карачай элинин калыптануусуна (13– 14-к.) жерг. тоолуктар, аландар, кыпчактар, булгарлар катышкан. 1828-ж. Россиянын кура­мына кирген. 1920-ж. Карачай округу, 1922-ж. Карачай-Черкес АОсу, 1926-ж. Карачай АОсу тү­зүлгөн, бирок 1943-ж. Карачай АОсу жоюлуп, К. күч м-н өлкөнүн чыгыш аймактарына кө-

чүрүлгөн. 1957-ж. гана Карачай-Черкес АОсу ка­лыбына келтирилип, К. кайрадан мекенине кай­тып келишкен. 1991-ж. Карачай-Черкес Респ. түзүлгөн. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык. Эркектери көйнөк, ыштан, беш­мант, черкеска, кой терисинен тигилген тон, башлык, папах кийишип, белдерине кур кур­чанып, бычак, канжар тагынышкан. Аялдары жеңи узун, кенен тигилген туника сыяктуу жибек көйнөк, узун шаровар, кооздолуп жасал­ган баш кийим кийип, үстүнөн жоолук салын­ган. Тамак-ашы негизинен эт, дан, сүт азыкта­ры. Суусундук катары чай, айран, майрам күндөрү бозо, пиво кеңири колдонулат.