КАРАХАНИД МАМЛЕКЕТИ
КАРАХАНИ́Д МАМЛЕКЕТИ – 940–1212-ж. Чыгыш Түркстандын батышы ж-а Жети-Суу аймактарын ээлеген феодалдык мамлекет. К. м-нин түзүлүшүнө түрк уруулары – чигил (жикил), ягма, карлук (к. Карлуктар), аз, тухси чоң роль ойногон. К. м-н башкарган династиянын теги байыркы түрктөрдүн ашина уруусунан чыккан Баласагун ш-нын башкаруучусу (9-к-дын башы) Кара жабгудан тараган деп эсептелет. Мамлекеттин аталышын В. В. Григорьев 942–955-ж. бийлик кылган Сатук Абд ал-Керим Карахандын ысмына байланыштырган. Арслан каган деген наам м-н такка отурган анын уулу Мусса Байташ ибн Сатуктун тушунда ислам мамл. дин деп кабыл алынып, атайын мыйзам м-н бекитилген. 10-к-дын аягында К. м-нин башкаруучулары мамлекеттин чек арасын ке-

ңейтүү ж-а бекемдөө үчүн күрөш жүргүзүшкөн. Богра хан Харун (Шихаб ад-Даула Абу Муса Харун ибн Сулайман) Бухараны (992), Наср Iинин (Амир ас-Сайид Малик ал-Музаффар Кутб ад-Даула ва Насир ал-Хакк ва Наср ал-Милла Ахмад ибн Али) Мавераннахрды басып алышы м-н (998) Саманиддер мамлекети жашоосун токтоткон. Мамлекетти башкаруу жер-жердеги бийликке бөлүнүп, борборлошкон күчтүү бийлик болгон эмес. Бийлик башында каган же илек деп аталган Карахандын тукуму туруп, кимиси күчтүүлүк кылса, калганы ошого баш ийген.
Ошондуктан Арслан Карахандын (1018–24) тушунда Баласагун, Айн ад-Даул Абу Наср Мухаммад ибн Насрдын (1020–63) убагында Өзгөн,
Абу Али Хасан ибн Сулайман Богра хандын (1075–1102) мезгилинде Кашкар ш. К. м-нин
борбору болгон. К. м-нин учурунда мад-т өнүгүп, М. Кашгари, Ж. Баласагунинин белгилүү эмгектери жаралган. Бурана мунарасы, Өзгөн мавзолейи курулган. 11-к-дын 60–70-жылдарында селжуктардын кысымынан К. м. алсырап, Санжар султандын тушунда (1118–57) аларга көз каранды болуп калган. 12-к-дын 30–40-жылдарында кара кытайлар басып кирип (к. Кара кытай мамлекети, Елүй Дашы), 1212-ж. Хорезм шахы Мухаммед К. м-н биротоло жойгон.
Ад.: Валитова А. А. К вопросу о классовой природе Караханидского государства //Труды Киргизского филиала АН СССР. Т. 1. Вып. 1. 1943; История
Узбекской ССР. Т. 1. Таш., 1967.