КАРАХАНИД МАМЛЕКЕТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАХАНИ́Д МАМЛЕКЕТИ – 940–1212-ж. Чыгыш Түркстандын батышы ж-а Жети-Суу аймактарын ээлеген феодалдык мамлекет. К. м-нин түзүлүшүнө түрк уруулары – чигил (жи­кил), ягма, карлук (к. Карлуктар), аз, тухси чоң роль ойногон. К. м-н башкарган династия­нын теги байыркы түрктөрдүн ашина уруусу­нан чыккан Баласагун ш-нын башкаруучусу (9-к-дын башы) Кара жабгудан тараган деп эсеп­телет. Мамлекеттин аталышын В. В. Григорьев 942–955-ж. бийлик кылган Сатук Абд ал-Ке­рим Карахандын ысмына байланыштырган. Арслан каган деген наам м-н такка отурган анын уулу Мусса Байташ ибн Сатуктун тушунда ис­лам мамл. дин деп кабыл алынып, атайын мый­зам м-н бекитилген. 10-к-дын аягында К. м-нин башкаруучулары мамлекеттин чек арасын ке-

Караханид мамлекети­нин картасы.


ңейтүү ж-а бекемдөө үчүн күрөш жүргүзүшкөн. Богра хан Харун (Шихаб ад-Даула Абу Муса Харун ибн Сулайман) Бухараны (992), Наср Iинин (Амир ас-Сайид Малик ал-Музаффар Кутб ад-Даула ва Насир ал-Хакк ва Наср ал-Милла Ахмад ибн Али) Мавераннахрды басып алышы м-н (998) Саманиддер мамлекети жашоосун ток­тоткон. Мамлекетти башкаруу жер-жердеги бий­ликке бөлүнүп, борборлошкон күчтүү бийлик болгон эмес. Бийлик башында каган же илек деп аталган Карахандын тукуму туруп, кимиси күчтүүлүк кылса, калганы ошого баш ийген.
Ошондуктан Арслан Карахандын (1018–24) ту­шунда Баласагун, Айн ад-Даул Абу Наср Му­хаммад ибн Насрдын (1020–63) убагында Өзгөн, Абу Али Хасан ибн Сулайман Богра хандын (1075–1102) мезгилинде Кашкар ш. К. м-нин борбору болгон. К. м-нин учурунда мад-т өнүгүп, М. Кашгари, Ж. Баласагунинин белгилүү эмгек­тери жаралган. Бурана мунарасы, Өзгөн мавзо­лейи курулган. 11-к-дын 60–70-жылдарында сел­жуктардын кысымынан К. м. алсырап, Сан­жар султандын тушунда (1118–57) аларга көз каранды болуп калган. 12-к-дын 30–40-жылда­рында кара кытайлар басып кирип (к. Кара кытай мамлекети, Елүй Дашы), 1212-ж. Хо­резм шахы Мухаммед К. м-н биротоло жойгон.


Ад.: Валитова А. А. К вопросу о классовой природе Караханидского государства //Труды Киргизского филиала АН СССР. Т. 1. Вып. 1. 1943; История Узбекской ССР. Т. 1. Таш., 1967.