КАРА-ҮҢКҮР ӨРӨӨНҮ
КАРА-ҮҢКҮР ӨРӨӨНҮ Батыш Теңир-Тоодо. Бабаш-Ата, Исфан-Жайлоо кырка тоолору м-н Фергана тоо тизмегинин аралыгында жайгашкан. Негизинен Базар-Коргон р-нунун, төмөнкү бир аз бөлүгү Ноокен р-нунун аймагында. Жалпы уз. (Күрөбөстүн башынан Кырг-ндын чек арасына чейин) 100 км, жазылыгы 8–12 км. Таманынын деңиз деңг. бийикт. 600–1400 м. Ооз тарабы (түш.-батышы) жайык (70 кмге чейин), улам жогорулаган сайын (түн.-чыгышты карай)

кууштап, тектирлүү. Чарбак кыш. тушта эки айрыкка – Кызыл-Үңкүр ж-а Арстанбап өрөөндөрүнө бөлүнөт. Өрөөндүн төмөнкү бөлүгү мезозой-кайнозойдун ж-а антропогендин конгломерат, кумдук, чопо, шагыл таш, кумдуу чопо тектеринен туруп, байыркы жер көчкүлөрдүн басымдуулук кылган аймагы, жогору жагы юра карбон, девон ж-а бор мезгилдеринин тоо тектеринен турат. Өрөөн аркылуу Кара-Үңкүр (Тентек-Сай) суусу агат. Климаты жер ортолук деңиздик. Кышы мелүүн суук, январдын орт. темп-расы –3...–17°С, жайы төмөнкү бөлүгүндө кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, 15– 24°С. Жылдык жаан-чачыны 400–1000 мм,
көбүнчө кыш, жаз мезгилдеринде жаайт. Түзөң бөлүгүндө күңүрт боз, айрым жеринде шалбаасаз, орто бөлүгүндө кара күрөң, жогору жагында тоо-шалбаалуу кара топурак басымдуу.
К.-Ү. ө-нө эфемер-шыбактуу кургак талаа (800–
1300 м бийикте), бийик чөптүү бадалдуу талаа (1300–1800 м), шалбаалуу, жаңгак-жемиштүү токой (1800–2600 м), субальп (2600–3200 м), альп шалбаасы (3200–3500 м) мүнөздүү. Дүйнөдөгү
жаңгак мөмө-жемиш токоюнун эң зор аянты
өрөөндүн ландшафтына ажайып кооздукту берип турат. Рекреациялык мааниси да зор. Пахта, тамеки, жашылча-жемиш, тоют өсүмдүктөрү
өстүрүлөт. Жогорку бөлүгү жайытка ж-а чабындыга пайдаланылат. Өрөөндүн төмөнкү жазы бөлүгүндө айыл-кыштактар ж-а айдоо аянттары жайгашкан.
Ө. Бараталиев.