КАРАТОКО (Чаткал суусунун оң куймасы)
КАРАТОКО – Чаткал р-нунун аймагы аркылуу аккан суу, Чаткал суусунун оң куймасы.
Уз. 24 км, алабынын аянты 150 км2. Алабынын
деңиз деңг. орт. бийикт. 3300 м. Чаткал кырка
тоосунун түн.-батыш капталындагы мөңгүдөн башталып, кууш капчыгай аркылуу агып, Каратоко көлүнө куят, андан Чаткал өрөөнүнө агып
чыгат. Куймалары: Ишенкул, Чарык-Салды, Көк-Тумшук, Өгүз-Жайлоо ж. б. Алабында мөңгү бар. Жылдык орт. чыгымы 2,60 м3/сек, эң көбү
июнь–июлда, эң азы февраль–мартта байкалат.
Өрөөнү кооз; карагай, бадал токою ээлейт.