КАРА-ТЕЙИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТЕЙИТ – Ош обл-нун Чоң Алай р-нунда­гы кыштак. Жекенди айыл округуна караштуу. Ак-Суу суусунун боюнда, деңиз деңг. 2200 м би­йикте жайгашкан. Райондун борбору Дароот- Коргон кыш-нан 56 км түш.-батыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 380 км. Кыштак 19-к-дын ба­шында негизделген. Калкы 1323 (2007); негизи­нен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мек­теп, мечит бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, ФАП иштейт.