КАРА-ТАЛ
КАРА-ТАЛ – Нарын обл-нун Ат-Башы р-нундагы кыштак. Баш-Кайыңды айыл округуна ка-
раштуу. Деңиз деңгээлинен 2140 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыш-нан 22 км түш. тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 262 км. Калкы 930 (2009); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Байланыш бөлүмү, ФАП иштейт.