КАРАТАЕВ Олжобай
КАРАТАЕВ Олжобай Кубатбекович (23. 8. 1963, Ош обл. Сузак р-ну, Орто Азия кыш.) – тарых
илимд. доктору (2004), проф. (2009). 1990-ж. КМУну бүтүргөн. 1990–93-ж. КР УИАда ил.
кызматкер, 1993–2009-ж. Ж. Баласагун атн.
КУУнун тарых ф-тинде окутуучу, улук окутуучу, доцент, Азия ж-а Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын башчысы, 1-проректору. 2009-жылдан Кыргыз-Түрк-«Манас» ун-тинин окутуучусу. Кыргыз элинин теги, келип чыгышы, кыргыз жазуу мад-тынын тарыхы, эн тамга белгилери ж-а алардын байыркы этностук башаты, эл катары калыптануу этаптары ж. б. б-ча изилдөөлөрү бар. 100дөй ил. эмгектин (а. и. 5 монография, 7 окуу-методикалык колдонмо) автору.
Эмг.: Кыргыздардын этномаданий байланыштарынын тарыхынан. Б., 2003; Кыргыз этнонимдер сөздүгү. Б., 2003; Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк (авторлош). Б., 2005.