КАРА-СУУ (Аксы районундагы кыштак)
КАРА-СУУ – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы кыштак. Кара-Суу айыл округунун борбору. Деңиз деңг. 940 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен ш-нан 67 км түн.-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 50 км. Калкы 1050 (2008); негизинен мал чарбасы м-н алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, мад-т үйү, ФАП бар.