КАРАСАРТОВ
КАРАСАРТОВ Абдылда (9. 5. 1935, Жети-Өгүз р-ну, Барскон кыш. –15. 2. 1994, ошол эле жер) – тоо өткөөлчүсү, СССР мамл. сыйл. лауреаты (1976). Каменск (1958–61) ж-а Волков (1962–63) геол. экспедицияларынын өткөөлчүсү. 1963– 86-ж. Кыргыз ССР Геол. башкармалыгынын Үч- Кошкон, Сары-Жаз экспедицияларында өткөөлчү, өткөөлчүлөр бригадири. Кырг-нда табылган калай кендерин геол. чалгындоо жумуштарына активдүү катышкан. Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.