КАРА-САЙ (Кара-Буура районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-САЙ – Талас обл-нун Кара-Буура р-нун­дагы кыштак. Бакайыр айыл округуна караш­туу. Деңиз деңг. 2100 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыш-нан 35 км түш.-батыш тарапта. Маймак т. ж. бекетинен 35 км. Кыштак 1932-ж. негизделген. Калкы 2790 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китеп­кана, клуб, мончо бар. Турмуш-тиричилик кыз­матынын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер то­бу, дарыкана, соода түйүндөрү, тегирмен, май­жуаздар иштейт.