КАРАПА
КАРАПА , к е р а м и к а – бышырылган чопо; чоподон бышырылып жасалган буюм. К. тиричиликтин бардык тармагында (идиш-аяк, кыш, скульптура, сувенир ж. б.) кездешип, анын терракота, майолика, фаянс, ташчулу, чыны (фарфор) ж. б. технол. түрлөрү бар. К-нын эң сонун үлгүлөрү ар элдин ар мезгилдеги өнөрүнүн жетишкендиктерин айгинелейт. Чопонун колектөөгө ийкемдүүлүгүн байкаган адамдар аны палеолит доорунда эле колдоно (адам, жаныбарлардын тулкусу) баштаган. Айрым изилдөөчүлөр чопону бышыруу соңку палеолитке таандык, бирок анын катуулук, суу өткөрбөстүк ж-а отко чыдамкайлык касиетин неолит доорунда даана
түшүнүшкөн дешет. Турмуштук зарылдыктан келип чыккан К. жасоо өнөрү ар бир элдин
өзгөчөлүгүнө ылайык өнүгүп келген. Андагы
оймо-чиймелер, айрыкча клинопись маанилүү тарыхый дарек болуп саналат. К. алгач оймочиймеленип, тамак-аш сактоо үчүн жасалган. Б. з. ч. 3 –2-миң жылдыктарда ташып жүрүүгө,
тамак бышырууга оңтойлонуп, боорунда жазуулар пайда болгон. Триполь мад-тынын тушунда (б. з. ч. 4–3-миң жылдык) сырты бышырылган ж-а оймолонгон чопо тамдардын болушу К-нын курулуш материал катары колдонулгандыгын айгинелейт. К. кийин металл өндүрүүдө кеңири пайдаланылган. Байыркы Египет, Вавилонияда ж-а Ж. Чыгыштын башка өлкөлөрүндө сый идиштердин бетин түркүн түстө чынылап жасап, имараттарды кыш м-н (адегенде
чийки кыш, кийин бышкан кыш м-н) кынай
баштады. Орус эли 10-к-дан К. жасашып, алардын бетин жашыл түс м-н кооздошкон. 17-к-да идиш жасоочу мануфактура тибиндеги устаканалар иштеген. 1744-ж. Петербургда туңгуч
чыны (фарфор) з-ду (азыркы В. М. Ломоносов
атн. з-д) негизделген. Октябрь рев-ясынан ки-

йин чыны буюмдарды жасоого айрыкча көңүл бурулган. К. б-ча Женевада эл аралык К. академиясы изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Кырг-нда К. жасоо иши кийинчерээк жандана баштап, Бишкек, Токмок ш-ндагы айнек з-ддорунда К-нын бир нече түрү чыгарылган. Учурда К. жасоо цехтеринде турмуш-тиричиликке керектүү К. буюмдары жасалууда.
А.: Стекло и керамика XXI: Перспективы развития.
СПб. 2001.