КАРАНДАШ (сүрөт тартуу үчүн)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАНДА́Ш (түркчө кара ж-а таш– даш) – жа­зуу– сүрөт тартуу– чийүү үчүн көмүрдөн– корго­шундан– графиттен же кургак ныкталган боёк­тон ичке таякча түрүндө (көбүнчө жыгач же металл кутучада) жасалган өзөк. Италия К-тары 15-к-дан белгилүү. 18–19-к-да К. графит мине­ралы м-н топурактын өзгөчө сортунун ар кан­дай катуулук даражасындагы кошундусунан турган. Азыр көбүнчө күйгүзүлгөн сөөктүн суу май желими м-н катырылган күкүмүнөн жаса­лат. Cангина ж-а пастель таякчалары да К. деп аталат.