КАРАМЗИН
КАРАМЗИ́Н Николай Михайлович [1(12). 12. 1766, Россия, Казан губерниясы, Бузулук р-ну, Михайловка кыш. – 22. 5 (3. 6.). 1826, Петербург] – орус жазуучусу, публицист ж-а тарыхчы. Москвадагы Шаден менчик пансионунан 1783-ж. чейин билим алган. Москва ун-тинен лекция уккан. К-дин чыг-лыгы котормодон башталган. 1789-ж. Батыш Европаны аралап, белгилүү жазуучу, ойчул-агартуучулар м-н таанышкан.

Ал Россияда «Московский журнал» (1791– 92), «Вестник Европы» (1802–03) журналдарын чыгарган. «Ев гени й ме нен Юлия» (1789), «Орус саяк ат чыс ынын к ат т ары», «Байкуш Лиза», «Наталья – бояр кызы» ж. б. повесттери аркылуу орус ад-тында сентиментализм багытын негиздеген. Анын туңгуч прозасы В. А. Жуковский, К. Н. Батюшков, А. С. Пушкиндин чыг-лыгынын өркүндөшүнө чоң таасир берген. 1790-жылдардын орто ченинде тарых маселелерине кызыгып, калган өмүрүн ага арнаган. 1803–26-ж. «Россия мамлекетинин тарыхы» аттуу 12 томдук эмгегин жазган. Бул эмгек – орус элинин тарыхындагы чоң окуя болгон. К. тарыхка кыраакы караган, б. а. адамзат тарыхы, бул – бүткүл дүйнөлүк прогресс тарыхы, анын негизин акыл-эс м-н адашуунун, билим м-н билимсиздиктин күрөшү түзөт деген. К-дин түшүнүгү б-ча тарыхта чечүүчү роль улуу адамдарга таандык. К-дин тарыхка көз карашы учурунда мамлекет тарабынан колдоого алынып, расмий жолжобо деп таанылган. Славянофилдер К-ди руханий атабыз деп эсептешкен. А. И. Герцен К. «биздин адабиятты гумандуу кылды» деген.
Ад.: Н. М. Карамзин. М., 1992; Сапченко Л. А. Н. М. Карамзин: Судьба наследия (век XIX). Ульяновск, 2003.