КАРАМЗИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАМЗИ́Н Николай Михайлович [1(12). 12. 1766, Россия, Казан губерниясы, Бузулук р-ну, Михайловка кыш. – 22. 5 (3. 6.). 1826, Петер­бург] – орус жазуучусу, публицист ж-а тарых­чы. Москвадагы Шаден менчик пансионунан 1783-ж. чейин билим алган. Москва ун-тинен лекция уккан. К-дин чыг-лыгы котормодон баш­талган. 1789-ж. Батыш Европаны аралап, бел­гилүү жазуучу, ойчул-агартуучулар м-н тааныш­кан.

Ал Россияда «Московский журнал» (1791– 92), «Вестник Европы» (1802–03) журналдарын чы­гарган. «Ев гени й ме нен Юлия» (1789), «Орус сая­к ат чыс ынын к ат т ары», «Байкуш Лиза», «Наталья – бояр кызы» ж. б. повестте­ри аркылуу орус ад-тында сентиментализм багытын негиздеген. Анын туңгуч прозасы В. А. Жуковский, К. Н. Батюшков, А. С. Пушкиндин чыг-лыгы­нын өркүндөшүнө чоң таасир берген. 1790-жыл­дардын орто ченинде тарых маселелерине кы­зыгып, калган өмүрүн ага арнаган. 1803–26-ж. «Россия мамлекетинин тарыхы» аттуу 12 том­дук эмгегин жазган. Бул эмгек – орус элинин тарыхындагы чоң окуя болгон. К. тарыхка кыраакы караган, б. а. адамзат тарыхы, бул – бүткүл дүйнөлүк прогресс тарыхы, анын неги­зин акыл-эс м-н адашуунун, билим м-н билим­сиздиктин күрөшү түзөт деген. К-дин түшүнүгү б-ча тарыхта чечүүчү роль улуу адамдарга таан­дык. К-дин тарыхка көз карашы учурунда мам­лекет тарабынан колдоого алынып, расмий жол­жобо деп таанылган. Славянофилдер К-ди ру­ханий атабыз деп эсептешкен. А. И. Герцен К. «биздин адабиятты гумандуу кылды» деген.


Ад.: Н. М. Карамзин. М., 1992; Сапченко Л. А. Н. М. Карамзин: Судьба наследия (век XIX). Улья­новск, 2003.