КАРАМАТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАМАТОВ Озодбек (29. 3. 1964-ж. т., Ош обл., Сузак р-ну, Сузак айылы) – экономика илимд. доктору (2005). Ташкент айыл чарбасын ирригациялоо ж-а механикалаштыруу инженер­лер ин-тун бүткөндөн (1987) кийин инж. геоде­зия кафедрасында ассистент, 1990–92-ж. Акмо­ло (азыркы Астана) а. ч. ин-тунун аспиранту­расында окуп, кандидаттык диссертациясын жактаган. 1993–94-ж. кайрадан Ташкент инже­нерлер ин-тунда, 1994–96-ж. Прогнозстатмам­комунда, 1996–97-ж. «Банксугурта» камсыздан­дыруу компаниясында, 1997–98-ж. «Марс-МН» АКда иштеген. 1999-ж. Эл достугу ун-тине рек­тор болуп шайланган. 2005–07-ж. ушул ун-ттин экономика, менеджмент ж-а бизнес кафедрасын­да доцент, 2007–09-ж. проректор, 2009-жылдан ректор. 2 монографиянын, 30дан ашуун ил. эм­гектин автору.


Эмг.: Рынок земли: реалии и перспективы. Б., 2005; Функционирование и регулирование рынка земли в Кыргызстане. Б., 2008.