КАРАМА-КАРШЫЛЫКТАРДЫН БИРИМДИГИНИН ЖАНА КҮРӨШҮНҮН ЗАКОНУ
КАРАМА-КАРШЫЛЫКТАРДЫН БИРИМДИГИНИН ЖАНА КҮРӨШҮНҮН ЗАКОНУ – диалектиканын универсалдуу үч мыйзамынын бири. Бул закон өнүгүүнүн булагын, себептерин ачып көрсөтөт. К.-К. б. ж. К. з. өзүнүн өнүгүшүндө объективдүү дүйнөнүн нерселери м-н кубулуштарындагы байкалбаган, маанисиз багыттар (жактар), тенденциялар маанилүү айырмачылыктарга, а түгүл карама-каршылыктарга чейин өсүп чыгып, алар ич ара бири-бири м-н карама-каршылыкта, күрөштө болот да, ошол нерсенин же кубулуштун өнүгүшүнүн ички булагы болуп калат. Ар бир нерсе өзүнө өзүнөн башканы да камтыйт. Ар кандай объектинин ички карама-каршылыгы – бир эле нерседе бир эле убакта карама-каршылыктар бири-бирине өтүп, сиңип ж-а бири-бирин танып турганында. Карама-каршылык, б. а. активдүү аракет, кагылышуу, карама-каршылыктардын күрөшү болгондуктан гана өнүгүү боло алат. Күрөшүп жаткан карама-каршылыктар бири-бири м-н биримдикте болушат, анткени алар бир нерсеге же кубулушка таандык. Мындай биримдик алкагындагы карама-каршылыктардын күрөшү өнүгүүнүн булагын түзөт. Бул закон методол. гана эмес практикалык мүнөзгө да ээ. Ал өнүгүүнүн гана эмес, коомдук болмуштун (бытие) чегиндеги адамдардын ортосундагы каршылыктын булагын да көрсөтүп берүүгө жөндөмдүү. Демек, бул закон б-ча бардык нерсе карама-каршылык м-н ички каршылыктын негизинде кыймылга келип, өнүгүп турат. Мис., терс заряд м-н оң заряддын өз ара тартылуусунан электр тогу пайда болот; бай – кедей, аял – эркек, жаш – кары, жакшылык–жамандык сыяктуу карама-каршылыктар болгон үчүн гана коом өнүгүп-өзгөрүп турат.