КАРА-КЫР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КЫР ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Терек ж-а Алайкуу суу­ларынын (Тардын оң куймалары) аралыгында кеңдик багытта 36 кмге созулуп жатат. Туура­сы 12 км. Орт. бийикт. 3900–4100 м, эң бийик жери 4634 м (Кашка-Суу чокусу). Кыры аска­зоокалуу, капталдары тик, капчыгай, кокту-ко­лот көп. Тоонун чыгыш бийик бөлүгү юра мез­гилинин конгломерат, гравелит, кумдук, аргил­лит, жапызыраак батышы бордун кызыл түстүү кумдук, алевролит, чопо ж-а акиташ тектери­нен турат. Субальп ж-а альп шалбаалуу талаа (2900–3100 мге чейин) басымдуу. Жайыт.