КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУ
КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУ – КРдин 1924-ж. 14-октябрь – 1925-ж. 25-майга чейинки аталышы. Түркстан крайында Cовет бийлигинин орношу (ноябрь, 1917) м-н улуттук чек араларды аныктоо маселеси келип чыккан (к. Орто Азиянын улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү). Бүткүл Союздук БАКтын 1920-ж. 27- августта «Түркстанды администрациялык жактан бөлүштүрүү жөнүндө» кабыл алган токтомунун негизинде О. Азиядагы жооптуу кызматкерлердин улут маселесине арналган жыйыны (январь, 1924) өткөн. Анда И. Арабаев сүйлөп, кыргыздардын өз алдынча улут экенин, алар улут катары эч жерде эске алынбаганын сындаган ж-а кыргыздар (кара кыргыздар) өз автономиясын түзүү тууралуу маселе көтөргөн. Бул жыйында аны колдогондор азчылыкты түзүп калып, кыргыздардын жери Кыргыз (б. а. Казак) Респ-нын алкагына киргизилери ж-дө сунуш жактырылган. 1924-ж. 14-октябрда Москва Бүткүл Союздук БАКтын 2-сессиясы О. Азия элдеринин улуттук-мамл. бөлүнүшү ж-дө чечим кабыл алган, ага ылайык К. К. а. о. РСФСРдин курамына киргизилген. Жаңы К. К. а. о-нун большевиктик-парт. жетекчиси болуп М. Каменский, облустун Рев-ячыл (б. а. Аткаруу) к-тинин төрагалыгына И. Айдарбеков бекитилген. К. К. а. о-на Түркстан АССРинин Жети-Суу облнун Каракол, Нарын, Пишпек, Анжиян уездинен 10; Фергана обл-нун Кокон уездинен 2, Ош уездинен 13, Фергана уездинен 5, Наманган уездинен 9, Сыр-Дарыя обл-нун Олуя-Ата уездинен 14 болуштук кирген. К. К. а. о-н аймагы 195,7 миң чарчы км, калкы 737,3 миң адамды түзгөн, а. и. 63,5% кыргыз, 16,8% орус, 15,4% өзбек, 3,5% башка улуттар болгон. К. К. а. о. Пишпек (20 болуштук), Каракол-Нарын (16 болуштук), Ош (20 болуштук), Жалал-Абад (10 болуштук) округдарына бөлүнүп, 6 шаар, 321 айыл-кыштак, 5 хуторду камтыган. 1925-ж. 27–30-мартта Пишпек ш-нда 135 делегат катышкан К. К. а. о-нун алгачкы уюштуруу съезди өткөрүлүп, анда конституциялык мазмундагы «Кара Кыргыз автономиялуу областы тууралуу жобо» кабыл алынган. Натыйжада Рев-ячыл к-т күчүн жоготуп, мамл. бийлик 51 мүчө ж-а 12 кандидаттан турган облаткомго өткөн. Курамына И. Айдарбеков, Ж. Абдырахманов, М. Каменский ж. б. кирген атайы комиссия түзүлүп, ага облустун Жобосунун (конституциялык) долбоорун түзүү иши тапшырылган ж-а «кара» сөзүн расмий аталыштан алып салуу, өлкөнү обл. эмес, автономиялуу респ-нын катарына кошуу ж. б. сунуштар көтөрүлгөн. 1925-ж. 25-майынан Кыргыз автономиялуу облусу, 1926-ж. 1- февралынан Кыргыз АССРи деп аталган.
Ад.: Турсунов Х. Т. О национально-государственном
размежевании Средней Азии. Таш., 1957; История Киргизской ССР с древнейших времён до наших дней. В 5-и томах. Ф., 1986; Национальный вопрос на перекрёстке мнений, 20-е годы: документы и материалы/ Сост. В. А. Горный и др. М., 1992; Абдуллаев Р. М. и др. Туркестан в начале XX века: К истории истоков национальной независимости. Таш., 2000; Джуманалиев А. Политическая история Кыргызстана (Становление политической системы Кыргызского общества
в 1920–1930-е годы). Б., 2005.
Б. Сатаров.