КАРА-КУЛЖА РАЙОНУ
КАРА-КУЛЖА РАЙОНУ – Ош обл-ндагы адм. бирдик. Түн. ж-а түн.-батышынан Өзгөн, чыгышынан Нарын обл-нун Ат-Башы, батышынан Алай р-ндору, түштүгүнөн Кытай м-н чектешет. Район 1937-ж. уюшулган. Аянты 5,7 миң км2 (Ош обл-нун аймагынын 19,6%и). Калкы 87,7 миң (2009). Райондо 11 айыл округу, 43 кыштак бар. Борбору – Кара-Кулжа кыш. Жери негизинен тоолуу, Кара-Кулжа ж-а Тар сууларынын алабынан орун алган. Эң бийик жери 4900 м (Үч-Сейит массивинде), эң жапызы –
7

80 м. Райондун аймагында Фергана тоо тизмегинин чыгыш тармактары (Үч-Сейит, Тасырак- Сай ж. б.), Академик Адышев, Алайкуу кырка тоолору, Алайкуу, Кара-Кулжа, Кулун, Капчыгай, Ажыке өрөөндөрү жайгашкан. Табигый ресурстарынан Кара-Кулжа, Кулун, Терек ж. б. минералдуу суулары, курулуш материалдардын кендери бар. Климаты континенттик. Кышы суук, кар арбын жаайт. Январдын орт. темпрасы –10––14,8°С; жайы ысык, кургак, июлдуку 25–15,3°С. Жылдык жаан-чачыны 350–
571 мм. Ири суулары: Тар (куймалары: Кулун, Терек, Алайкуу, Акбогуз ж. б.), Кара-Кулжа (Сур-Таш, Тасыракай ж. б.). Көлдөрү: Кулун,
Көл-Кайыңды ж. б. Эгилме ландшафт 780–
1000 м бийикте. Андан жогору каралжын боз топурактуу талаа (1000–2000 м), кара топурактуу бийик тоо талаасы, токой (2500–3000 м),
альп ж-а субальп, гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.
Райондун аймагында облустун калкынын 7,9% жашайт (2011). Төрөлүүнүн деңгээли 22,8‰,
өлүм-житим 5,2‰, табигый өсүш 19,7‰ (2008). Калкынын 46%и эмгек жашына чейинкилер, 45,9%и эмгек жашындагылар, 7,6%и эмгек жашынан өткөндөр. Калкынын 60,9%и деңиз деңг.
1000–1500 м, 18,0%и – 1500–2000 м, 21,1%и
2000–2500 м бийикте отурукташкан. Калктын
орт. жыштыгы 1 км2 жерге 15 киши.
Кара-Кулжа р-нунун экономикасынын негизин мал чарбасы түзөт. Райондо 22,5 миң бодо мал (а. и. 12,5 миң саан уй), 116,3 миң кой, эчки, 15,4 миң жылкы, 25,1 миң үй канаттуулары болгон; 9,5 миң т эт (тирүүлөй салмакта), 19,5 миң т сүт, 342 т жүн өндүрүлгөн. Жалпы жер фондусу 571,2 миң га (2000), а. и. айыл
чарбага жарактуу жери 340,1 миң га (жеринин 59,4%и). Айдоо аянты 13,6 миң га (анын 4,0 миң гасы сугат жер), 0,2 миң га бак-дарактар, 16,1 миң га чабынды, 310,0 миң га жайыт.
Дан-эгиндери (7,8 миң га, а. и. буудай – 5,0 миң
га), картөшкө (0,9 миң га) ж. б. өстүрүлөт (2002).
Өнөр жай тармагы райондун татаал экон. геогр. абалына байланыштуу өнүккөн эмес (облуста
өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 0,6%ин берет).«Ак-Терек»АК(тейлөөүйү)иштейт.
Райондо негизинен автомобиль транспорту
өнүккөн. Анын аймагынан Өзгөн – Кара-Кулжа – Кызыл-Жар, Кара-Кулжа – Сары-Булак –
Гүлчө автомобиль жолдору өтөт. Райондо 2010-ж. автомобиль транспорту м-н жүк ташуу 51,1%ке, жүргүнчүлөрдү ташуунун жүгүртүлүшү 11,1%ке өскөн.

Райондо 49 жалпы билим берүүчү (а. и. муз.) мектеп, 2 мектепке чейинки мекеме, китепкана болгон. Райондук ж-а 12 участкалык оорукана, учук диспансери, 24 ФАП, 17 үй-бүлөлүк врачтар тобу ж. б. мед. мекемелер иштейт.