КАРА-КУЛЖА (Кара-Кулжа районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КУЛЖА – Ош обл-нун Кара-Кулжа р-нун­дагы кыштак, райондун борбору. Кара-Кулжа айыл округуна караштуу. Кара-Кулжа суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1440 м бийикте жай­гашкан. Облустун борбору Ош ш-нан 105 км чыгыш тарапта. Калкы 11,8 миң (2009); неги­зинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларын­да эмгектенет. Эки орто ж-а мектеп-интернат, мад-т үйү, оорукана, бейтапкана, мейманкана

Кыштактын жалпы көрүнүшү.

бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүм­дөрү, соода түйүндөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт. </page> <page> <title>КАРА-КУЛЖА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ</title> <revision> <timestamp>2025-09-30T07:04:43Z</timestamp> <contributor><username>KadyrM</username></contributor><text><![CDATA[КАРА-КУЛЖА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ– дары­ланууга ж-а ичүүгө жарамдуу муздак суу була­гы. Ош обл-нун Кара-Кулжа р-нунда, Кара-Кул­жа суусунун оң өйүзүндө, Муз-Төр ж-а Уйгум сууларынын аралыгында. Деңиз деңг. 2700– 2900 м бийикте. Булак жерг. элге илгертен бел­гилүү. 1953-ж. геол. маалымат берилген. Аймак­ты карбон мезгилинде пайда болгон кумдук, сланец, акиташ теги түзөт. Бул тектер бүктө­лүүгө учурап, ири антиклиналдуу түзүлүштү пай­да кылган. Булак антиклиналдуу бүктөлүштүн түн. канатындагы тектон. жаракадан агып чы­гат. Суу тунук, көмүр кычкыл газдуу, бир аз туз даамданат. Темп-расы 8–9°С. Курамы б-ча гид­рокарбонат-хлорит-натрийлүү. Дебити 1 л/сек. Ичеги-карын ооруларын дарылоого болот.