КАРА-КУЖУР ОЙДУҢУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КУЖУР ОЙДУҢУ Ички Теңир-Тоодо. Түндүгүнөн Тескей Ала-Тоо, түштүгүнөн Кара- Жорго тоосу м-н курчалат. Кочкор р-нунун ай­магында. Аянты 1240 км2. Уз. 80 км, туурасы ортоңку бөлүгүндө 6–8 км; батыш бөлүгү кууш (1 кмге чейин). Таманы тектирлүү түздүк; би­йикт. батышында 2500 м, төрүндө 3200 м, туу­расы 6 км. Төртүнчүлүк мезгилдин борпоң ши­ленди тектерине толгон. Климаты мелүүн кон­тиненттик. Январдын орт. темп-расы –12,5°С, июлдуку 10,2°С. Жылдык жаан-чачыны 366 мм. Кышында кар аз түшүп, жер «кара» чыгат. Ша­мал көбүнчө батыштан согот, орт. ылдамдыгы 2,7 м/сек. Ойдуңу аркылуу Кара-Кужур суусу агат. Ортоңку ж-а жогорку бөлүктөрү булактуу, айрым жери саздак. Төрүндө аянты 0,15 км2 кел­ген 2 көл бар. Кылканактуу-шыбактуу кургак талаа (2400–2700 м), субальп ж-а шалбаалуу талаа, альп шалбаалуу талаа (2700–3500 м), суб­нивалдык суук чөл, гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мү­нөздүү. Ойдуңда Нарын ж-а Кочкор р-нунун малы кыштайт. Ортоңку бөлүгүндө көп жыл­дык тоют чөп, арпа айдалат. Ойдуңда Жер-Көч­кү, Улакол, Кара-Кужур ж. б. кыш. жай­гашкан.