КАРА КӨСӨӨ
КАРА КӨСӨӨ (Ustilafinales) – 1) базидиомицеттер классына кирүүчү мите козу карындардын катары. Козу карынчасы (плодовое тело) жок, спора пайда кылуу м-н өөрчүйт; 2) ошол мите козу карындар пайда кылуучу өсүмдүк илдети. Бул илдетке өсүмдүктүн жалбырак, сабак, машак ж. б. органдары бүт бойдон же бир бөлүгү чалдыгат. Ал а. ч-на көп зыян келтирет. Дүйнөдө К. к. илдетин пайда кылуучу көптөгөн
мите козу карындар белгилүү. Анын кээ бири
өсүмдүктүн белгилүү гана түрүн (сулу, буудай, жүгөрү) жабыркатат. Буудай, кара буудай ж. б.
өсүмдүктөрдүн К. к-сү өзгөчө зыяндуу. Алардын сабагы м-н кошо өсөт, гүлүнүн мөмөлүгүнө жеткенде жипчелери каралжын К. к. спораларына ажырайт. Жерге түшкөн спорадан 4 споралуу базидия пайда болот. Алар эки-экиден биригип, диплоиддүү абалында кайрадан дан өсүмдүктөрүнүн өсүндүлөрүнө жармашат. К. к. козу карындары келтирген зыяндарына жараша бир нече типке бөлүнөт. Алардын кээ бири өсүмдүк топуракта өнүп жатканда, айрымдары өсүмдүк баш алганда же бышып калганда, кээси вегетация мезгилинде зыянга учуратат. Каршы күрөшүү чаралары: өсүмдүктүн К. к-гө ж. б. илдетке
чыдамдуу сортторун чыгарып, өндүрүшкө киргизүү; жогорку агротехниканы колдонуу, өз убагында сээп, минералдык ж-а орг. жер семирткичтер м-н азыктандыруу; которуштуруп эгүү тартибин сактоо; тоңдурманы терең айдоо ж. б.