КАРА КӨСӨӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА КӨСӨӨ (Ustilafinales) – 1) базидиомицет­тер классына кирүүчү мите козу карындардын катары. Козу карынчасы (плодовое тело) жок, спора пайда кылуу м-н өөрчүйт; 2) ошол мите козу карындар пайда кылуучу өсүмдүк илдети. Бул илдетке өсүмдүктүн жалбырак, сабак, ма­шак ж. б. органдары бүт бойдон же бир бөлүгү чалдыгат. Ал а. ч-на көп зыян келтирет. Дүйнөдө К. к. илдетин пайда кылуучу көптөгөн


мите козу карындар белгилүү. Анын кээ бири өсүмдүктүн белгилүү гана түрүн (сулу, буудай, жүгөрү) жабыркатат. Буудай, кара буудай ж. б. өсүмдүктөрдүн К. к-сү өзгөчө зыяндуу. Алардын сабагы м-н кошо өсөт, гүлүнүн мөмөлүгүнө жет­кенде жипчелери каралжын К. к. спораларына ажырайт. Жерге түшкөн спорадан 4 споралуу базидия пайда болот. Алар эки-экиден биригип, диплоиддүү абалында кайрадан дан өсүмдүктөрү­нүн өсүндүлөрүнө жармашат. К. к. козу карын­дары келтирген зыяндарына жараша бир нече типке бөлүнөт. Алардын кээ бири өсүмдүк то­пуракта өнүп жатканда, айрымдары өсүмдүк баш алганда же бышып калганда, кээси вегета­ция мезгилинде зыянга учуратат. Каршы күрө­шүү чаралары: өсүмдүктүн К. к-гө ж. б. илдетке чыдамдуу сортторун чыгарып, өндүрүшкө кир­гизүү; жогорку агротехниканы колдонуу, өз уба­гында сээп, минералдык ж-а орг. жер семирт­кичтер м-н азыктандыруу; которуштуруп эгүү тартибин сактоо; тоңдурманы терең айдоо ж. б.