КАРА-КӨЛ (Памирдеги көл)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КӨЛ – Памирдеги ири көл, Тажикстан­да. Аянты 380 км2, уз. 33 км. Бийик кырка тоо­лор м-н курчалган, деңиз деңг. 4000 м бийикте жайгашкан ойдуңдан орун алган. Эки кууш кы­сык м-н туташкан 2 бөлүктөн турат. Тереңдиги батыш бөлүгүндө 238 мге, чыгышында 35 мге чейин. Суусу мала туздуу, тунуктугу 9 мге че-


йин. Ноябрдын аягынан апрелге чейин муз каптайт. Суусунун жайкы темп-расы 12°Сге че­йин. К.-К. суу агып чыкпаган туюк көл. Ага куйган суулардын эң ирилери – Кара-Жылга, Музкол.