КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ (Ак-Суу ж-а Түп райондорунун аймагында)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ Түн. Теңир-Тоодо, Тескей Ала-Тоонун түн. капталында, Каракол суусу аккан багыт б-ча түштүктөн түндүккө карай 35 кмге созулат. Ак-Суу ж-а Түп р-ндорунун аймагында. Таманынын жазы жери 3–4 км (Ка­ракол ш-нын түштүгүндө), кууш жери 700– 1000 м, таманынын басымдуу бийикт. 2300– 2700 м. Өрөөн байыркы мөңгүнүн аракетинен

Өрөөндүн ландшафты. Арткы планда Тескей Ала- Тоо.


пайда болгон. Өрөөндүн башы тепши сымал, анда ири мөңгүлөр бар. Караколдун ортоңку ж-а төмөнкү бөлүгү кууш, капталдары бир аз жантайыңкы капчыгайды түзөт; тоо капталда­рында ири карагай токойлору кездешет. Өрөөн­дүн ландшафтында шалбаалуу талаа, бийик чөптүү шалбаа алкактары басымдуу. Өрөөндүн тоодон чыга беришинде Каракол ш. орун алган. Жайыт; ил. ж-а рекреациялык мааниси чоң.