КАРАКОЛ КЕНЧИ Москва университетинин музейинде

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ КЕНЧИ 1884-ж. Караколдон табыл­ган. Кенч коло дооруна тиешелүү төрт буюмдан турган: бычак, көзөөч, шынаа сымал көлөмдөгү уңгусу жок керки ж-а көзөөч сымал керки. Көзөөч сымал керкинин жасалыш ыкмасы жо­горудагы куралдардан кескин айырмаланып, Болгария м-н Румыниянын чек арасында жай­гашкан Гумельница энеолит мад-тынын буюм­дарына жакын. Болжолу бул буюм К. к-не соо­да байланышы аркылуу кошулуп калган болуу керек. К. к. Москва ун-тинин антропология му­зейинде сакталууда.