КАРАКОЛ (Ички Теңир-Тоодогу суу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ – Ички Теңир-Тоодогу суу, Чоң На­рындын сол куймасы. Жогорку Нарын тектон. ойдуңунун батыш жагында. Нарын р-нунун ай­магы аркылуу агат. Уз. 51 км, алабынын аян­ты 585 км2. Борколдой ж-а Чоң Үзөңгү-Кууш (Кум-Бел) тоолорунун аралыгында жаткан Жа­галмай мөңгүсүнөн башталып, Келин-Тайгак суусуна чейин Жагалмай деп аталат. Баш жа­гында өрөөнү кенен (0,4–0,8 км), ортоңку бөлүгү бийик кашаттуу (7 кашат), төмөнкү агымы капчыгайлуу (0,1–0,2 км). Май – июнь айла­рында суусу кирип, сентябрда тартылат. Ири куймалары: Ашуу-Чакыр-Корум, Туюк-Чакыр- Корум (оң), Келин-Тайгак, Жайык, Беш-Кашат (сол).