КАРАКАЛПАК ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКАЛПАК ТИЛИкаракалпактардын тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. К. т. түн.-чыгыш ж-а түш.-батыш деп эки диа­лектиге бөлүнөт ж-а ал диалектилер фонет. өзгө­чөлүктөргө ээ. К. т. үчүн жалпы түрк тилиндеги «ч» ж-а «ш» тыбыштарынын «ш» ж-а «с» тыбы­шына алмашылып айтылышы мүнөздүү (мис., каш – «кач», бас –«баш»). Бул жагынан ногой, казак тилдерине жакын. К. т. л/д/т тыбышта­ры ө зүнөн мурда кел ген үнс үз тыбы штын өзгөчөлүгүнө жараша өзгөрүлбөйт (мис., кырг. – таштар; казак.– тастар; каракалпактар – тас­лар). К. т-нде «г», «д» жумшак үнсүздөрүнүн болушу аны түрк тилдеринин огуз тобуна жа­кындатат. Огуз тобу К. т-нин калыптанышына таасир тийгизген. Каракалпак адабий тили Улуу Октябрь соц. рев-ясынан кийин калыптанган.
Жазуусу 1928-ж. чейин араб алфавитинде, 1928– 40-ж. латын алфавитиндеги жазууда болгон. 1940-жылдан орус алфавитине өткөн.


Ад.: Баскаков Н. А. Каракалпакский язык. М.; Л., 1951–52. Т. 1–2; Современный каракалпакский язык.
Нукус, 1981.