КАРА КАГАЗ
КАРА КАГАЗ , р у б е р о и д – курулушта ным өткөрбөө максатында колдонулуучу түрмөк материал. Ал картондун (салмагы 350–500 г/м2) эки жак бетине жумшак нефть битуму сиңирилип ж-а экинчи катмары кыйындык м-н эрүүчү битум жабыштырылып даярдалат. К. к-дын сырткы бети бүртүк ж-а кабырчыктуу (кесек кум, асбест) келип, күн нурунан сактоо м-н туруктуулугу жогору. К. к. түрмөгүнүн эни 650– 1100 мм, аянты 20 м2 болот.