КАРА КАГАЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА КАГАЗ , р у б е р о и д – курулушта ным өткөрбөө максатында колдонулуучу түрмөк ма­териал. Ал картондун (салмагы 350–500 г/м2) эки жак бетине жумшак нефть битуму сиңири­лип ж-а экинчи катмары кыйындык м-н эрүүчү битум жабыштырылып даярдалат. К. к-дын сырткы бети бүртүк ж-а кабырчыктуу (кесек кум, асбест) келип, күн нурунан сактоо м-н ту­руктуулугу жогору. К. к. түрмөгүнүн эни 650– 1100 мм, аянты 20 м2 болот.