КАРА-КАБАК (Чоң Алай районундагы кыштак)
КАРА-КАБАК – Ош обл-нун Чоң Алай р-нундагы кыштак. Кашка-Суу айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 2840 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Дароот-Коргон кыш-нан 48 км чыгыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 238 км. Калкы 1001 (2008 ); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.