КАРАЙЫМ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАЙЫМ ТИЛИкарайымдардын тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. К. т. түн. (тракай), түш. (галич) ж-а крым диалектилери­не бөлүнөт. Негизинен карачай-балкар, крым­татар, кумук, ногой тилдерине жакын. Синтак­сисине славян тилдеринин таасири тийген. К. т. 1840-жылдан байыркы еврей, латын, славян графикасын пайдаланган. 19-к-дын аягынан орус (Россия, Украина), латын (Литва, Польша) графикасындагы алфавитти колдонушат.