КАРА-ЖЫГАЧ (Кадамжай районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ЖЫГАЧ – Баткен обл-нун Кадамжай р-нундагы кыштак. Майдан айыл округуна ка­раштуу. Исфайрам-Сай суунун боюнда, деңиз деңг. 1180 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Пүлгөн кыш-нан 60 км түш.-чыгыш тарап­та. Кызыл-Кыя т. ж. станциясынан 20 км. Кал­кы 2484 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет.