КАРА ДЕҢИЗ
КАРА ДЕҢИЗ – Атлантика океанынын жер ортолук деңизи; Россия, Украина, Румыния, Болгария, Түркия ж-а Грузиянын жээктерин чулгайт. Батыштан чыгышка 1150 кмге, түндүктөн түштүккө 580 кмге созулат; эң кууш жери 265 км. Керчь кысыгы аркылуу Азов, Босфор кысыгы аркылуу Мрамор деңиздери, андан ары Дарданелл кысыктары аркылуу Эгей, Жер ортолук деңиздери м-н туташат. Аянты 422 миң км2. Суусунун көлөмү 547 миң км3. Орт. тереңдиги 1300 м, эң терең жери 2210 м. Батыш ж-а түн.- батыш жээктери жапыз, чыгышы ж-а түш. жээги Чоң ж-а Кичи Кавказ, Понт тоолоруна такалат. Ири булуңдары: Каркинит, Каламит, Днепр, Буг ж-а Днестр лимандары (түн.-батыш жээктеринде), Синоп, Самсун (түш.). Эң ири ж-а жалгыз жарым аралы – Крымдын түш. жээги тоолуу. Аралдары аз; эң ирилери: Березань, Змеиный.
К. д. болжол м-н палеогендин аягынан неоген, антропоген мезгилдеринде калыптана баштаган. Пайда болуу процессинин 1-стадиясында Каспий м-н бирге болгон. Палеогенден мурдараак Кавказ тоолору көтөрүлүп, К. д. Каспийден бөлгөн. К. д. геол. өнүгүү тарыхында Жер ортолук деңизден бир нече жолу бөлүнгөн. Таманынын рельефинде шельф, материктик кап-

тал, терең чуңкурдук өзгөчөлөнүп турат. Шельфтин эң жазы жери (200 кмден ашат) деңиздин түн.-батыш бөлүгүндө, тереңдиги 110–160 мге жетет; калган бөлүктөрүндө адатта тереңдиги 110 мге чейин, жазылыгы 10–15 кмден 2,5 кмге чейин (Түркиянын жээктеринде). Материктик каптал суу астындагы чуңкурдуктар ж-а каньондор м-н өтө тилмеленген. Синоп м-н Самсундун аралыгында (150 кмден ашык аралыкта) суу астындагы кырка тоолордун системасы созулуп жатат. Чуңкурдуктун таманы аккумуляциялык жайпак түздүк, ал борборун карай 2000 м ж-а андан ашык тереңдейт (деңиздин эң терең жери 2211 м). Деңиз чанагынын басымдуу бөлүгү Альп геосинклиналдык бүктөлүү аймагында жайгашкан. Чуңкурдуктун таманы эки катмардан турат: чөкмө тектүү ж-а базальттуу; чөкмө тектүү катмардын калыңдыгы 10–16 км. Чуңкурдуктун борб. бөлүгүндөгү жер кыртышынын калыңдыгы 22–25 км, чет-жакасында «базальттын» үстүндөгү гранит катмарыныкы 30–35 км. К. д-дин түн.-батыш шельфтүү бөлүгү Чыгыш Европа платформасынын түш. четин ж-а эпипалеозойдук Скиф платформасын камтыйт. Негизги кен байлыктары: нефть ж-а газ (чуңкурдуктун түн.-батышында), титан-магнетиттүү кум чачындысы (Тамань, Кавказдын жээктери). Деңизге Дунай, Днестр, Түш. Буг, Днепр, Риони, Кызыл-Ырмак д. куят. Деңиз кургактык м-н курчалып тургандыктан, климаты континенттик. Түн. бөлүгү мелүүн алкакта жатат; кышы жумшак, жайы жылуу. Түш. бөлүгү жер ортолук деңиз тибиндеги субтропиктик климат алкагында жаткандыктан, кышы жылуу, жаанчачын арбын жаайт, жайы ысык, кургакчыл. Кышында К. д-дин климатына Азия антициклонунун бир тармагынын таасиринен түн.-чыгыш ж-а чыгыштан соккон муздак шамал, айрыкча Кавказ жээктеринин түн. бөлүгүндө катуу болот. Жогорку басымдын басаңдашы К. д-деги циклондун күчөшүнө ж-а түштүктөн жылуу агымдын киришине алып келет. Январдагы орт. темп-расы түн.-батышында –2,6––3°С, Крымдын түш. жээгинде 3,7°С, түш.-чыгышында ж-а түштүгүндө 6–9°С, батышында –1°Сден 4°Сге чейин. Эң төмөнкү темп-ра К. д-дин түн. бөлүгүндө –25°Сден –30°Сге чейин жетет. Жайында Азор антициклону басымдуулук кылып, күн ачык ж-а жылуу болуп, шамал анча болбойт. Июлда абанын орт. темп-расы 22–25°С, эң жогорку темп-ра 35–37°Сге жетет. Жылдык жаан-чачыны батыш ж-а түн.-батышында 300– 500 мм, чыгыш ж-а түш.-чыгышында 1500– 2500 мм. Жайында өтө катуу куюн (смерч) да болот. Атм-нын циклондук айлануусу ж-а материктен куйган дарыялар деңиз үстүндөгү суунун циклондук айлануусун пайда кылат. Суу бетинин темп-расы кышында 6–8°С, Керчь кысыгынан түн.-батышты ж-а түштүктү карай 0,5°Сге чейин төмөндөп, жайында суусунун темпрасы 25°Сден жогору болот. Туздуулугу 18‰ чамасында, дарыя чаттарында 3–9‰. Кышында К. д-дин түн.-батыш ж-а түн.-чыгыш бөлүктөрүндөгү булуңдарда муз тоңот. Деңиздин терең катмарында (150 мден төмөн) суунун курамында күкүрттүү суутек арбын, ал деңиз түбүндө 11– 14 мг/лге жетет. Ошого байланыштуу К. д-дин терең бөлүктөрүндө тирүү организм (бактериялардан башкасы) кездешпейт. Тюлень ж-а дельфин бар. Балык (хамса, ставрида, скумбрия, пеламида, шпрот, осётр ж. б.) кармалат. Ири порттору: Одесса, Севастополь (Украина), Ильичёвск, Новороссийск, Туапсе (Россия), Поти, Батуми (Грузия), Констанца (Румыния), Бургас, Варна (Болгария), Трабзон, Самсун, Зонгулдак (Түркия). Жээктеринде курорттор көп: Крымдын Түш. жээги (Украина), Кавказдын Кара деңиз жээги (Абхазия, Грузия), Алтын Кум, Күнөстүү Жээк (Болгария) ж. б.
Ад.: Еремеева Е. Черноморье. Симферополь, 1965; Филиппов Д. М. Циркуляция и структура вод Черного моря. М., 1968; Кузьминская Г. Г. Черное море. 6-е изд. Краснодар, 1977; Физическая география материков и океанов /Под ред. Рябчикова. М., 1988.
Ж. Чуңгулов.