КАРА-БУУРА ЯШМА КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БУУРА Я́ШМА КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нунда, Кара-Буура кыш-нан 30 км түштүктө, Талас Ала-Тоосунун кырын­дагы Кара-Буура ашуусунан 2–3 км түштүктө.
Кен аймагында кембрийге чейинки мезгилде пайда болгон трахит-базальт, порфирит, туф, кумдук ж-а сланец тектери жатат. Пайдалуу катмар яшма сымал кремнийлүү тоо тектен түзүлүп, чыгышка созулат. Калыңдыгы 50– 100 м, уз. 1 кмге жетет. Яшма кара, кара-күрөң түс тө, нык, бир аз жаракалуу. Блоктуулугу 30х30х30 смге жетет. Запасы мол. Кооз буюм­дарды жасоого болот.