КАРА-БУУРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БУУРА , М о л о т о в – Талас обл-нун Кара-Буура р-нундагы кыштак. Бейшеке айыл округуна караштуу. Кара-Буура тоосунун эте­гинде, Кара-Буура суусунун боюнда, деңиз деңг. 2000 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыш-нан 6 км. Жамбыл т. ж. бе­кетинен 65 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1201 (2007); негизинен мал чарбасы м-н алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет. Негиз­ги мектеп, китепкана, ФАП бар.