КАБАК (жашылча өсүмдүгү)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАБАК 1 to КАБАК (жашылча өсүмдүгү)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБАК – ашкабактар уруусундагы бир жыл­дык жашылча өсүмдүгү. Кадимки ж-а катуу ка­быктуу ашкабак­тын тез бышуучу түрү.

Өркүнү түз, бир аз бутактанат. Гүлү айрым жы­ныстуу, сары түс­тө. Мөмөсү көбүнчө сүйрү, бир аз ийил­ген. Кабак суукка ба­йымсыз, күрдүү, нымдуу жерде жакшы өсүп, көп түшүм берет. Кабак тез жетилип, өнүп чыккандан кийин 40–50 күндө жегенге жарайт. Мөмөсүндө 2,55% кант, 0,55% белок, 0,13% май бар. Толук быша элек мөмөсү кон­серваланат, ошондой эле малга (уй, чочкого) берилет. Гектарынан 200–300 цден түшүм алынат. Кабактын райондоштурулган сорттору: Грек 110 (Орто Азия­да), Грибов 37 (РФ, Украина, Беларуссия), Сотэ 38 (Молдавия, Тажикстан) ж. б. Кабактын уругу топурактагы температура 12–15°Сге жеткенде се­билет, көчөттөрү 20–25 күндө отургузулат. Кыргызстанда негизинен Грек 110 сорту эгилет.