КАБА-САЙ ОФИКАЛЬЦИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:01, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБА-САЙ ОФИКАЛЬЦИ́Т КЕНИ Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Каба кыштагынан 12 км чыгышта, Курама кырка тоосунун түштүк-чыгыш тармагында, Каба-Сай суусунун сол өйүзүндө. Кен аймагын карбондун акиташ теги м-н мрамору түзөт. Кооз таштар офит, офикальцит, людви­гит жука катмарча, линза (3Ч10 м) түрүндө аки­таш м-н мрамордун арасында жатат. Офикаль­циттин сайкалданган бети күзгүдөй жалтырап тунук, саргыч түскө бөлөнүп, өтө кооз көрүнөт. Людвигит өңү кара, сары темгилдүү. Асыл ж-а кооз таштар катары пайдаланууга болот. Бол­жолдуу запасы 0,5 миң м3.