КААРМАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:30, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КААРМАН , К а х р а м а н – Ош облусунун Кара- Суу районундагы кыштак. Мады айыл округуна караштуу. Ош – Өзгөн автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 980 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 29 км түштүк-чыгыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 12 км. Кал­кы 4487 (2022); негизинен дыйканчылыкта эм­гектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.