ЙОРУБАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:30, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЙОРУБАЛАР – Түштүк Нигериянын негизги кал­кы. Ошондой эле Нигериянын батышы жана түштүк-ба­тышында, Бенинде, Гананын түштүк-чыгышын­да, Тогодо да жашашат. Жалпы саны 26, 2 млн киши (1998). Нигер-конго тилдер тобундагы йо­руба тилинде сүйлөшөт. Йорубалар христиан (протес­тант, англикан, баптист) жана ислам (мусулман­ суннит) динин тутушат. Йорубалардын түпкү теги жөнүндө маалыматтар өтө аз. Йорубалардын этностук негизин азиялыктар же египеттиктер түзгөн деген божо­молдор бар. Йорубалар дыйканчылык, балыкчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишип, дубалы жыгачтан тургузулуп, ылай менен шыбалган, ча­тыры саман, пальма жалбырагы же одуракай темирден эки же төрт кырлуу жабылган үйлөрдө жашашкан. Йорубалар бөздөн тигилип, саймаланган кийимдерди кеңири баалашат. Тамак-ашы не­гизинен дан, эт, балык жана жашылча азыкта­рынан даярдалып, ямс, банан, маниок, батат, коон, нан дарагынын мөмөсү, сорго көбүрөөк колдонулат.

Жашыруун кеңеш­тин мүчөсүнүн салт­туу кийими.