ЙОРК
ЙО́РК – Улуу Британиядагы шаар. Йоркшир графтыгында. Уз дарыясындагы дарыя порту. Калкы 141,6 миң (2021). Маанилүү жолдор тоому. Тамак-аш (шоколад), айнек, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Алгач 1-кылымда Рим сепили.

6-кылымдан Англия, Саксония ж-а Дания королдуктарынын борбору, 9-кылымда даниялыктар басып алган. 735-жылдан Йорк архиепископторунун резиденциясы. Университет, музей, сүрөт галерея музей сепил бар. Роман-готика стилиндеги собор (11– 15-кылымдар), Сент-Мэри аббатчылыгы (13-кылым), сепил (13-кылым), 15–16-кылымдардагы турак-жайлар сакталган.