ЙОГОЧАРЛАР
ЙОГОЧАРЛАР – буддизмдеги негизги эки агымдын биринин – түндүк буддизми болуп саналган махаянанын жолун жолдоочулар. Башкы өкүлдөрү: Асанга (4–5-кылымдар), Васубандху (5-кылым), логиктер – Дигнага (6-кылым) ж-а Дхармакирти (7–8-кылымдар). Инсандын психикалык болмушунун бирден бир реалдуулугу жөнүндөгү буддисттик идеяны конкреттештирип, йогочарлар ар кандай мазмундан ажыратылган таза аң-сезимдин (вижнянанын) артыкча маанилүүлүгү жөнүндөгү концепцияны өнүктүргөн. Адамдын умтулууларынын максатын түзгөн ушундай абалга жетүү – бодхи (сөзмө-сөз – «акыл-эстин ордуна келүүсү») же нирвана. Йогалардын тажрыйбасы ага жетүүнүн башкы каражаттарынын бири деп эсептелет.