ЙОГА
ЙО́ГА (санскритче, сөзмө-сөз – биригүү, байланыш, топтолуу, аракет) – 1) адамдын психикасы м-н физиологиясын башкаруунун окуусу ж-а ыкмасы, адамды толук «боштондукка» (мокша же нирвана) жеткирүү максатын койгон индия диний ж-а философиялык системаларынын курамдык элементи. Адамда сезилбеген күчтөр бар ж-а психиканы белгилүү бир түрдө уюштуруу аркылуу органикалык ж-а органикалык эмес процесстерди, денени башкарууга мүмкүн деп эсептейт; дене тарбиялык машыгуулардын системасы иштелип чыккан. Йога организмдин дем алуу ж. б. физиологиялык функцияларын башкарууда, каалагандай психикалык абалга жетүү боюнча белгилүү ийгиликтерге жетишкен. Философиялык негизги идеясы: адамдын психофизиологиясы м-н космостун (Аалам телолору) өз ара байланыштуулугу; 2) Индия философиясынын ортодоксунун (Ведалардын аброюн таануучу) алты системасынын бири, б. з. ч. 1-кылымда индиялык акылман Патанжали негиздеген; йогалык ыкмалардын табиятын ж-а функцияларын, аларды колдонуунун этаптарын ж. б. түшүндүргөн. Жалпы философиялык маселелерде Санкхья окуусун карманган. Йоганын жактоочулары аны адамды азаптан арылтуунун тажрыйбалык ыкмаларын иштеп чыккандыгы м-н өзгөчөлөнгөн окуу деп эсептешет.